Роза Отунбаева: Афганистандын көптөгөн жашоочулары көчөгө чыккандан коркот

March 12, 2024, 22:33

Де-факто Афганистандын бийликтери соңку учурда коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын укуктарын дагы көбүрөөк чектеди. Аялдар, айтылып жүргөндөй, хиджабды кийүү жөнүндө жарлыкты толук көлөмдө сактабайт, алар камакка алынат жана кармалат. Афганистандын айрым кыз-келиндери көчөгө чыккандан коркот, деп билдирди шаршембиде Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө Башкы катчынын Афганистандагы атайын өкүлү жана БУУнун бул өлкөдөгү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева.

 

Январдын башталышында Жакшылык кылууну жана кемчиликтерди четтетүүнү пропагандалоо министрлиги 2022-жылдын апрелинде чыккан хиджабды кийүү жөнүндө жарлыкты активдүү турмушка ашыра баштап, Кабулда жана башка провинцияларда аны сактабагандыгы жагынан күнөөлөнгөн кыз-келиндерди кармап жана камакка алып жатат. Бул кармоолор шаарлардагы кыз-келиндерди пропорциялуу эмес катуу козгоду. Де-факто башка институттар бул кармоолорду коргоп, тартипти сактоо зарылчылыгы жөнүндө билдирип, эл аралык практиканы четке кагып жана бул ички иш деп баса белгилөөдө.

 

«Исламдык дресс-кодду болжолдонгон бузуулар үчүн жакындагы каалагандай кармоолор адам укуктарын андан ары бузуу болуп калды жана кыз-келиндерди болуп көрбөгөндөй стигматизациялоого алып келди – деп билдирди Отунбаева. – Бул ошондой эле өлкөнүн бүткүл аял калкына таасир этти, Афганистандын көпчүлүк кыз-келиндери дегеле адамдарга көрүнүүдөн коркот». БУУнун өкүлү де-факто бийликтерди киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарууга чакырды. «Алар канчалык узак күчүндө болсо, алар ошончолук көп зыян алып келет», – деп кошумчалады баяндамачы.

 

Кабулда көп сандагы кыз-келиндер кармалып жана бир нече саат камакта болгон. БУУнун миссиясы катаал мамиле жөнүндө, тышкы дүйнө менен байланышы болбостон эркиндиктен ажыратуу жөнүндө жана туугандыгы бар кыз-келиндерди акча төлөп чыгарып алуу талабы жөнүндө арыздарды документтерге жазган.

 

Де-факто бийликтер, Отунбаева белгилегендей, коомдук жерлерде сабоо менен жазалоону колдонууну улантууда. БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча соңку баяндамасында билдирилгендей, 10-ноябрда Нимроз провинциясынын Зарандж шаарында борбордук спорт стадионунда сот 25 эркек ар кандай кылмыштарды, анын ичинде тоноону жасады жана жубайынын көзүнө чөп салды деп тапкандан кийин алар эл алдында сабоого алынган (алардын ар бири бирден 50гө чейин чабууну алган). Жазалоону камерага тарткандыгы үчүн байкалып калган ондон ашык эркек да сабоого алынган.

 

Коопсуздук кеңешинин алдындагы өзүнүн отчетунда Роза Отунбаева ошондой эле коопсуздук жагындагы кырдаалга, экономикалык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам маселелерине токтолду. Ал де-факто Афганистандын бийликтери алардын легитимдүүлүгүн эл аралык таанууну каалагандыгын билдирди. «Бирок бул оңой эместигин алар түшүнөт, анткени алар көп сандаган эл аралык стандарттарды сактабайт», – деп баса белгиледи ал. – Өкмөттө иштин мындай абалын өзгөртүү зарылчылыгын түшүнгөндөр бар, бирок жогору турган кимдир-бирөөлөр – «Жок, кыз-келиндер көлөкөдө калууга тийиш» деп айтат».

 

 

Булак

БУУнун Афганистандагы миссиясынын фотосу