Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитети иштин жылдык планын даярдады

March 12, 2024, 21:48

12-мартта Кең-Булуң (Ивановка) айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитети үчүн үчүнчү семинар өттү.

 

Катышуучулар комитеттин ишинин Жылдык планын иштеп чыкты, анда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар жана аракеттер жазылды, аларды комитеттин ар бир мүчөсү өз уюмунун ыйгарым укуктарынын алкагында жасайт.

 

Мисалы, кесиптик лицейдин өкүлү визажист, кондитер, тигүүчү сыяктуу жана башка жаңы жана кошумча кесипти алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө үй-бүлөлөргө жана тобокелдик тобундагы адамдарга маалымдоонун маанилүүлүгүн белгиледи, булар кыз-келиндердин, ошондой эле бүтүндөй алганда үй-бүлөнүн финансылык туруктуулугуна көмөктөшөт.

 

Семинардын экинчи бөлүгүндө машыктыруучу катышуучулар менен «Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын укуктары. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү» жана «Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кылуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам берүү. Жергиликтүү комитеттин шашылыш жана пландуу жыйналыштарын өткөрүүнүн форматы» темаларын талдады.

 

Ошондой эле катышуучулар зомбулуктан жабыркаган кыз-келин же жабыркаган адам менен эмнени сүйлөшүү керек, өзүн кандай кармоо керек деген ситуациялык сценкаларга катышты. Машыктыруучу жабыркагандар жагындагы кырдаалда сөздөгү жана жүрүм-турумдагы каталарды катышуучулар менен кең-кесири талдады.

 

Мындан тышкары, административдик-аймактык реформадан кийин дайындалган айыл-өкмөтүнүн башчысы Джекшембаев Бек Русланович менен долбоордун максаттары, милдеттери жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жолугушуу өткөрүлдү. Башчы долбоорду колдогондугу жөнүндө ишендирди жана социалдык иш жана жумушсуз жарандарды, анын ичинде колдоого муктаж кыз-келиндерди ишке орноштуруунун деңгээлин жогорулатуу жагындагы пландар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле реформадан кийин Ивановка айыл өкмөтү Кең-Булуң айыл өкмөтү деп аталат.

 

Ивановка айыл өкмөтүндөгү аяктоочу семинар 19-мартта өтөт.

 

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы комитеттер үчүн семинарлар «Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу жана алдын алуу үчүн Чүй областынын ҮЗАК мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу» долбоорунун алкагында АКШнын КРдагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен өтүп жатат.