Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 80 жыл!

March 20, 2024, 08:47

2024-жылдын 18-мартында Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына туш келтирилген фото көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

 

Көргөзмөгө мамлекеттик архивден, ошондой эле дипломаттардын жеке архивдеринен жүздөн ашык сүрөттөр коюлду. Аларда – БУУнун аянтчасындагы сүйлөшүүлөр, президенттердин мамлекеттик визиттери.

 

Көргөзмөдө сунуш кылынган Фонддун уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын Экс-президенти, үч жолку Тышкы иштер министри Отунбаева Роза Исаковнанын көп сандагы тарыхый фотосүрөттөрү кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүндөгү Роза Исаковнанын маанилүүлүгүн жана эбегейсиз зор ролун дагы бир жолу айгинелеп турат.

 

Өзүнүн дипломатиялык жолунун аралыгында Роза Исаковна маселенин маңызын түшүндү, чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликти өзүнө алуудан корккон жок, башка мамлекеттер менен өз ара мамилелерде өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын баарынан жогору койду жана алардан артка кайткан жок.

 

Анын ар түрдүү өлкөлөрдүн Президенттери, Элчилер, министрлер жана башка коомдук жана саясий ишмерлер менен түшкөн фотосүрөттөрү зор кызыгууну билдирет жана өлкөбүздүн тарыхында тарыхый учурларды, көптөгөн жогорку саясий окуяларга Роза Исаковнанын тиешеси бар экенин көрсөтүп турат.

 

Буга байланыштуу Фонд Роза Исаковнаны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы менен куттуктайт жана ага чың ден соолукту, ийгиликтерди, гүлдөп-өнүгүүнү жана жаңы кесиптик жеңиштерди каалайт.