Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Монтессори-педагогика боюнча лекция өттү

February 14, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча жана анын колдоосу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Монтессори-педагогика боюнча маалыматтык таанышуу лекциясы өттү. Лектор – Надежда Николаевна Смирнова – Москва шаарындагы (Россия) Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун директору. Лекцияга Жалал-Абад шаарынын балдар бакчаларынын 70тен ашык тарбиячысы, усулчусу жана башчылары катышты. Лектор методиканын негиздери жана принциптери жөнүндө айтып берди. Лекция фильмдерди көрсөтүү менен коштолду. Катышуучулар өнүктүрүүчү чөйрөнүн жогорку наркынан улам мамлекеттик балдар бакчаларында Монтессори-методиканы киргизүү татаал деген пикирин айтты.

 

Жалал-Абадда "Симба" балдар бакчасы иштейт, ал Бишкек шаарындагы монтессори-педагогика боюнча курстардын катышуучусу болуп саналат жана зарыл чөйрөсү бар. Тарбиячылардын, ата-энелердин балдар бакчасына келүүгө жана чөйрөнү көрүүгө, ошондой эле сабактарга катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, "Симба" балдар бакчасы облустук телекөрсөтүү менен бирдикте монтессори-педагогика боюнча телесабактарын жума сайын эфирге чыгарып турат. Азыр телеберүүнүн педагогдор арасында, ошондой эле балдар менен ата-энелер арасында өзүнүн туруктуу телекөрүүчүлөрү бар.

 

Мурда Монтессори-педагогика боюнча маалымат сабагы Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлүп келген.

 

Маалымат үчүн: Н. Смирнованын Монтессори-педагогика боюнча эл аралык машыктыруучунун сертификаты бар, Монтессори-педагогдордун эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат. 90-жылдардын башында Н. Смирнова Снежинск шаарында Монтессори-балдар бакчасын негиздеп, россиялык Монтессори-педагогика мектебин баштоочулардын бири болгон.

 

2012-жылдын ноябрынан тартып Н. Смирнова Бишкек шаарында Монтессори-педагогика боюнча курстарды алып барат, алар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Азыркы учурда Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын жеке балдар бакчаларындагы 25 педагог, SOS-балдар кыштактарынын педагогдору, ошондой эле энелер тобу Монтессори-педагогика боюнча курсту аяктап жатат, ал бир жылга созулду. Быйылкы жылдын жайында, Монтессори-балдар бакчаларынын базасында стажировкадан өтүп жана квалификациялык экзаменди тапшырып, катышуучулар Монтессори-педагогдун эл аралык институтунун сертификатын алат. Курстун алкагында төрт балдар бакчасы – "ШАмбала" балдар бакчасы, "Академия детства" окутуу борбору, "Симба" балдар бакчасы (Жалал-Абад шаары), ошондой эле "Синяя птица" Монтессори-клубу Монтессори-педагогиканын талаптарына ылайык жабдылды.