«Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтыкты жактайт» долбоорунун алкагында өнөктөштүк боюнча биргелешкен Өңүттү иштеп чыгуу

June 22, 2023, 09:30

2023-жылдын 19-20-июнунда Ош шаарында «Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтыкты жактайт» долбоорунун алкагында семинар өттү.

 

Баткен областтык администрациясынын өкүлдөрү, 9 айыл өкмөтүнүн башчылары менен кызматкерлери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөр  «Айымдар, тынчтык жана коопсуздук» концепциясын жана Кыргызстандын жарандык коомунун аялдар уюмдары менен кызматташтыкты чыңдоого багытталган долбоорду ишке ашырууну талкуулоо үчүн семинарга чогулду.

 

Иш-чаранын максаты: диалог үчүн аянтчаны берүү жана ар түрдүү методикаларды пайдалануу менен жаңжалдардын алдын алуу, социалдык ынтымакты күчөтүү жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү үчүн фактор катары климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого көңүл буруу менен «Айымдар, тынчтык жана коопсуздук» (АТК) концепциясын түшүнүүнү жакшыртуу.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, борбордук мамлекеттик структуралардын, коомдоштуктардын, жарандык коомдун аялдар уюмдарынын кызматташтыгынын жалпы Өңүтүн иштеп чыгуу жана коомдоштуктардын, борбордук мамлекеттик структуралардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого көмөктөшүү үчүн алардын ролун аныктоо.

 

Баткен областтык администрациясынын, мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдоштуктардын жана жарандык коомдун аялдар уюмдарынын лидерлик ролуна көңүл буруу менен долбоорду ишке ашыруу сценарийин биргелешип иштеп чыгуу.

 

Семинар «Айымдар, тынчтык жана коопсуздук» концепциясын түшүнүүнү жакшыртууга жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүүгө көмөктөштү. Семинардын катышуучулары долбоордун маанилүү аспекттерин талкуулады жана аны ишке ашыруу боюнча сценарийлерди иштеп чыкты.

 

Семинар БУУнун Тынчтыкты сактоо фондунун финансылык колдоосу менен БУУ-Айымдар, ФАО (БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

 

«Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтыкты жактайт» долбоору семинарда сунуш кылынды. Долбоор жарандык коомдун аялдар уюмдары менен натыйжалуу кызматташтыкты түзүүгө багытталган жана өзүнү максатты, милдеттерди, негизги механизмдерди жана күтүлгөн натыйжаларды камтыйт. Долбоордун формуласы аны ишке ашыруунун мыкты жолдорун аныктоо үчүн семинарда талкууланды.