Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна" колдоо көрсөттү

August 10, 2023, 08:37
Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна" колдоо көрсөттү.

Ош облусундагы "Кабылан-Көл"2, ""Бактылуу балалык", "Сейил", Жалал-Абаддагы "Наристе" жана Нарын облусундагы "Казыбек-Жеткинчек" өнүктүрүү борборлору Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы тарабынан берилген канцелярдык буюмдардын топтомун алышты. Бул жардам аркылуу көптөгөн балдарга сүрөт тартуу, скульптура жасоо, боёо, аппликация жасоо мүмкүнчүлүгү берилди.

"Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору" демилгеси "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан 10 жылдан бери натыйжалуу ишке ашырылууда. Бул демилге коомдун аярлуу катмары, атап айтканда малчылардын балдары үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган. Белгилей кетчү нерсе, жайлоодогу бул борборлордо билим алган балдар башталгыч мектепке барганда мактоого татырлык окуу жана эсептөө жөндөмдөрүн көрсөтүүдө.

"Роза Отунбаеванын демилгеси"эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган балдардын өнүгүүсүн камсыздоого кошкон баа жеткис салымы үчүн Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкына терең ыраазычылыгын билдирет.