«Илимдеги кыздар» долбоорунун пилоттук мектептерди өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландарын талдоо улантылып жатат

August 16, 2023, 09:49

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун эксперттери ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында түзүлгөн өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын тереңдетип талдоону улантып жатат. Билимге, өзгөчө илим, технология, инженерия жана математика (СТЕМ) чөйрөсүндөгү билимге карата заманбап ыкмаларга жана талаптарга, ошондой эле социалдык-гендердик сезимтал иш-чараларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

 

2023-жылдын 1-августунан тартып 10-августуна чейин долбоордун эксперти Жеңишбек Урумов Сузак районунун 7 пилоттук мектебинде жана Кызыл Кыя шаарынын 9 мектебинде өнүктүрүү пландарын талдоону жүргүздү. Талдоонун алкагында төмөнкүдөй аспекттер каралды:

  • Өнүктүрүү пландарынын түзүмүнүн жана мазмунунун заманбап талаптарга шайкештиги;
  • Өнүктүрүү пландарын жана жылдык пландарды түзүүгө бардык таламдаш тараптардын катышуусу;
  • Иш-чаралардын пландарында мониторингди чагылдыруу, Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун пландарынын болушу;
  • Өнүктүрүү пландарында СТЕМ билим берүүгө багытталган окутуу, таанып-билүү иш-чараларын чагылдыруу;
  • Өнүктүрүү пландарында СТЕМ билим берүүгө багытталган тарбиялоо, жалпы өнүктүрүү иш-чараларын чагылдыруу;
  • Өнөрлүү жана таланттуу балдардын жөндөмдөрүн табуу жана өнүктүрүү боюнча иш, анын ичинде
  • СТЕМ билим берүүгө жөндөмдөрүн табуу; Мектептердин, билим берүү уюмдарынын пландарына, ошондой эле райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн  өнүктүрүү пландарына киргизүү;
  • Социалдык-гендердик сезимтал иш-чаралар.

 

Бул талдоо масштабдуу изилдөө программасынын бир бөлүгү болуп саналат, ал мурда Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун, ошондой эле Нарын областынын Кочкор жана Ат-Башы райондорунун 25 мектебин камтыган.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун бардык 50 пилоттук мектебинин өнүктүрүү пландарын талдоонун натыйжалары боюнча директорлор үчүн мектептерди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү заманбап пландарын түзүү боюнча тренингдер жана консультациялык иш-чаралар өткөрүлөт.

 

Билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнүн сунуш кылынган пландары август кеңешмесинде сунуш кылынат жана андан соң кароо жана өлкөнүн бардык билим берүү мекемелерине таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берилет.

 

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Балдарды коргоо борбору жана АУЦАнын Инновациялык колледжи тарабынан ишке ашырылып жатат.