“Татыктуу Жашоо - Жизнь в Достоинстве” долбоорунун алкагында алгачкы тренингдер старт алды

August 24, 2023, 21:58

Кыргызстанда Ивановка айыл аймагында “Татыктуу Жашоо” (Жизнь в Достоинстве) долбоору боюнча кесиптик семинар-тренингдер старт алды. Долбоор максаттуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган жана кыз-келиндерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун көрүнүштөрүнө каршы алардын социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу аркылуу күрөшөт.


Тренингдер “Татыктуу Жашоо” методологиясы боюнча жүргүзүлөт, ал үй-бүлөлөрдө шайкеш мамилелерди калыптандырууга көмөктөшүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн иштелип чыккан. “Татыктуу Жашоо” тренингдери катышуучуларга өздөрүнүн жашоодогу баалуулуктарын, эмне үчүн аялдар менен эркектер бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш экенин, укуктарын жана милдеттерин, гендердик теңчилик деген эмне экенин түшүнүүгө жана үй-бүлөдө түзүлгөн өз ара мамилелерди баалоого, аялдар менен эркектердин ден соолугу жөнүндө өз билимдерин кеңейтүүгө жана аларга алда канча натыйжалуу диалогду жүргүзүүгө жардам бере турган жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тренингдер коллегиялуу окутуунун ыкмаларына негизделген.

 

Мындан тышкары, тренингдин катышуучуларына гуманитардык жардам катары тамак-аш азыктары берилет.

 

“Татыктуу Жашоо” методикасы төмөнкүлөр менен кайталангыс:

·    Сын көз менен ойлонуу, талдоо, баарлашуу, өз ара мамиле жана диалог жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурат;

·    Коллегиялуу окутуу ыкмаларын пайдаланат: дидактикалык окутуу жок;

·    Гендердик багыт алгандыгы: семинарлар гендердик жактан өзгөртүү иш-чаралары катары иштелип чыккан, алар катышуучулар эркектер менен аялдар кимдер экени жөнүндө, эркектер менен аялдар өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги, алар башка жыныска кандай мамиле кылышы керектиги жана бул канчалык адилеттүү экендиги тууралуу аларда кандай түшүнүктөр бар экендиги жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк берет;

·    Укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө басым жасайт: семинарлар катышуучулар алар өз мамилелерин жана өз жашоосун жакшыртуу үчүн эмне кыла алаарын өздөрү кантип чече тургандыгын көрсөтөт.

 

 

Долбоордун кыскача сыпаттамасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) өнөктөш "International Alert" уюму менен бирдикте Чүй областынын Ысык-ата районунун Ивановка айыл округунда “Татыктуу жашоо” долбоорун ишке ашырып жатат, аны Улуу Британиянын Өкмөтү финансылайт. Долбоор гендердик стереотиптерден жана кысымга алуудан арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлиндеги гендердик зомбулукту азайтууга жана үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.


Бул долбоор эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.