БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча Миссиясынын Башчысы Роза Отунбаеванын жана ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун жолугушуусу болуп өттү

April 8, 2024, 22:56

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов БУУнун Афганистан боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча Миссиясынын (БУУАСМ) Башчысы Роза Отунбаевага Афганистанга карата ЖККУ өлкөлөрүнүн позициясын сунуш кылды. Уюмдун мүчөлөрү тынч жана терроризмден эркин Афганистанды жактайт, деп айтылат ЖККУнун сайтында жарыяланган билдирүүдө.


2024-жылдын 8-апрелинде ЖККУнун Катчылыгында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун БУУнун Афганистан боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча Миссиясынын (БУУАСМ) Башчысы Роза Отунбаева менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Роза Отунбаева региондо тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу кызыкчылыгында жана Афганистанды эл аралык коомдоштукка кайра интеграциялоо максатында БУУнун калкасы астында жүзөгө ашырылуучу эл аралык көмөктөшүүнүн негизги багыттары жөнүндө маалымдады, өлкөнүн ички саясий өнүгүшүнүн жүрүшүнө байланыштуу байкоолору менен бөлүштү.


ЖККУнун Башкы катчысы ЖККУга мүчө мамлекеттер Афганистандын терроризмден, согуштан жана баңгизаттардан эркин, көз карандысыз, бирдиктүү жана тынч мамлекет катарында калыптанышын жактайт деп баса белгиледи.